2 Шемуел 15:1-37 KYB2004 - Bible AI

1Ошондон кийин Абышалом өзүнө аттарды, майдан арабаларды жана элүү жөө күлүк топтоду.

2Абышалом эртең менен эрте туруп, жол боюндагы дарбазанын жанында туруп алып, кимдир бирөө арыз-муңун айтканы падышага, сотко бара жатса, аны өзүнө чакырып: «Кайсы шаардансың?» – деп сурачу. Тиги: «Кулуң Ысрайылдын баланча деген уруусунан», – деп жооп бергенде,

3Абышалом ага: «Сенин ишиң жакшы, адилеттүү экен, бирок падышанын сени уга турган эч кимиси жок», – дечү.

4Абышалом: «Оо, мени бул жерге башкаруучу кылганда, талаш-тартышы, арыз-муңу барлардын баары мага келмек, аларга мен адилет өкүм чыгармакмын», – деп айтчу.

5Кимдир бирөө анын жанына келип, таазим кылмакчы болгондо, ал колун сунуп, аны кучактап өпчү.

6Падышага даттанып келген ар бир ысрайылдыкка ушундай мамиле кылып, Абышалом акырындап ысрайылдыктардын ишенимине кире берди.

7Кырк жылдан кийин, Абышалом падышага мындай деди: «Мен Хебронго барып, Теңирге берген убадамды аткарайын.

8Анткени мен, кулуң, Гешурда, Сирияда жашап турганда, мындай деп убада бергем: “Эгер Теңир мени Иерусалимге кайтарса, анда мен Теңирге курмандык чалам”».

9Падыша ага: «Тынчтык менен баргын», – деди. Ал туруп, Хебронго бет алды.

10Абышалом Ысрайылдын бүт урууларына чалгынчыларын жөнөтүп жатып, мындай деди: «Силер сурнай үнүн укканда: “Абышалом Хебронго падыша болду”, – дегиле».

11Абышалом чакырган эки жүз киши эч жаман ойлобой, иштин чоо-жайын билбей эле Иерусалимден Абышалом менен бирге жөнөдү.

12Курмандык чалуу убагында Абышалом Дөөттүн кеңешчиси, гилолук Акитопелди Гило шаарынан киши жиберип чакыртты. Дөөткө каршы чоң козголоң уюштурулуп, Абышаломдун жанына чогулгандар көбөйө берди.

13Дөөткө кабарчы келип: «Ысрайылдыктар Абышалом тарапка ооп кетти», – деди.

14Дөөт өзүнүн Иерусалимдеги бүт кулдарына: «Тургула, качалы, анткени Абышалом бизди соо койбойт, тездегиле. Ал бизди кууп жетип, кармап алып, шаарыбыздын элин кылычтап кырып, башыбызга мүшкүл түшүрбөсүн», – деди.

15Падышанын кулдары падышага: «Мырзабыз падыша эмне десе, кулдарың ошону кылууга даяр», – дешти.

16Падыша бүт үй-бүлөсү менен жөө чыкты. Yйдү кайтарганга падыша өзүнүн он күң аялын калтырды.

17Падыша менен кошо жөө чыккан эл Бейт-Амеркакка келип, ошол жерге токтоду.

18Анын бардык кулдары жанында бара жатышты, бардык керейликтер, пелейликтер, аны менен бирге Гаттан келген алты жүз киши – гаттыктар падышанын алдында бара жатышты.

19Падыша гаттык Итайга мындай деди: «Эмнеге сен да биз менен бара жатасың? Кайткын да, тиги падыша менен кал, анткени сен бөтөн жерликсиң, бул жерде сен келгинсиң.

20Сен кечээ эле келсең, бүгүн мен сени биз менен кетүүгө зордомок белем? Мен башым оогон жакка бара жатам. Кайткын, бир туугандарыңды да ала кет. Ырайым жана чындык сени менен болсун!»

21Итай падышага: «Теңир тирүү, мырзам падыша жашасын. Өлсө да, жашаса да, мырзам падыша кайда болбосун, кулуң да сени менен ошол жерде болот», – деп жооп берди.

22Дөөт Итайга: «Болуптур, мени менен бирге жүр», – деди. Ошентип, гаттык Итай жана анын бардык адамдары, балдарынын баары бирге жөнөштү.

23Ошондо бүт өлкө боздоп ыйлады. Эл менен падыша Кидрон суусун кечип өттү. Бүт эл чөлгө кеткен жолго түштү.

24Садок менен бардык лебилер Бетарадан Кудайдын келишим сандыгын көтөрүп келишип, аны жерге коюшту. Бүт эл шаардан чыгып кеткиче, Абыйатар бийик жерде турду.

25Падыша Садокко мындай деди: «Кудайдын келишим сандыгын шаарга кайра алып бар. Эгер Теңирдин алдында ырайым тапсам, анда Ал мени кайра алып келет, аны да, анын турак жайын да көрсөтөт.

26Эгерде Теңир: “Мен сага ырайым кылбайм”, – десе, анда мен мына! Ал мага Өз каалаганындай кылсын».

27Падыша ыйык кызмат кылуучу Садокко мындай деди: «Өзүң көрүп турбайсыңбы, тынчтык менен кайра шаарга кайт. Сен өзүңдүн уулуң Акимаасты, Абыйатар өзүнүн уулу Жонатанды алып, шаарга кеткиле.

28Силерден мага кабар келгиче, мен чөл түздүгүндө кармала турам».

29Ошондо Садок менен Абыйатар Кудайдын келишим сандыгын Иерусалимге кайра алып барышты да, ошол жерде калышты.

30Дөөт болсо Зайтун тоосуна ыйлап чыгып бара жатты. Башын жаап алып, жылаңайлак кетип бара жаткан эле. Аны менен кошо бара жаткан эл да башын жаап алып, ыйлап бара жатты.

31Дөөткө: «Акитопел да Абышалом менен бирге кастык уюштургандардын ичинде экен», – деп кабарлашты. Дөөт: «Оо Теңирим! Акитопелдин кеңешин буза көр», – деди.

32Дөөт тоонун чокусуна, Кудайга табынуучу жайга чыкканда, бет алдынан архилик досу Хушай чыкты. Анын кийими айрылган, башы топурак экен.

33Дөөт ага мындай деди: «Эгер сен мени менен бара турган болсоң, мен үчүн оор болот.

34Тескерисинче, шаарга кайтып, Абышаломго: “Падыша, мен сенин кулуңмун. Буга чейин сенин атаңдын кулу болчумун, азыр болсо сенин кулуңмун”, – десең, ошондо мен үчүн Акитопелдин кеңешин бузасың.

35Ал жерде ыйык кызмат кылуучулар Садок менен Абыйатар сени менен болот, падышанын үйүнөн уккан сөздөрдү аларга айтып тур.

36Ал жерде алардын эки уулу бар: Садоктун уулу Акимаас, Абыйатардын уулу Жонатан. Укканыңардын баарын ошолор аркылуу мага билдиргиле».

37Ошондо Дөөттүн досу Хушай шаарга келди. Ошол кезде Абышалом Иерусалимге кирүүгө даярданып жаткан эле.

>