1Дөөт тоонун чокусунан бир аз ылдый түшкөндө, эки эшекке эки жүз нан, жүз таңгак мейиз, жүз таңгак анжыр, бир чанач шарап артып алган Мепибешеттин кулу Сиба жолукту.
2Падыша Сибадан: «Буларды эмне кыласың?» – деп сурады. Сиба: «Эшектер падышанын үй-бүлөсү мингенге, нан менен жемиштер жаш уландарга, ал эми шарап чөлдө алсырап калгандарга», – деп жооп берди.
3Падыша: «Мырзаңдын уулу кайда?» – деп сурады. Сиба падышага мындай деп жооп берди: «Ал Иерусалимде калды. Анткени ал: “Эми Ысрайыл тукуму мага атамдын падышачылыгын кайтарып берет”, – деп айтып жатат».
4Ошондо падыша Сибага: «Мепибешеттин эмнеси болсо, ошонун баары сеники болсун», – деди. Сиба таазим этип: «Мырзам падышанын алдында ырайым тапсам экен!» – деп жооп берди.
5Дөөт падыша Бакуримге жеткенде, Шабулдун тукумунан Гейранын уулу Шемей деген бир киши чыкты. Ал Дөөттү тилдеп келе жатты.
6Ал Дөөткө, Дөөт падышанын бүт кулдарына таш ыргытып келе жатты. Бардык эр жүрөк кишилер падышанын оң жана сол жагында эле.
7Шемей аны: «Жүзү кара, киши өлтүргүч, жогол, бул жерден кет.
8Теңир Шабулдун тукумунун каны үчүн сени жазалап жатат, сен анын ордуна падыша болгонсуң. Бирок Теңир падышачылыкты уулуң Абышаломдун колуна берди. Мына, сенин башыңа мүшкүл түштү, анткени сен канкорсуң», – деп тилдеди.
9Ошондо Серуянын уулу Абышай падышага: «Мырзам падышаны мына бул өлгөн ит эмнеге тилдеп жатат? Мен барып, анын башын аламын», – деди.
10Падыша мындай деди: «Серуянын уулдары, мен эмне кыла алмак элем да, силер эмне кыла алмак элеңер? Мейли, тилдей берсин, анткени Дөөттү тилде деп, ага Теңир буйруган. “Сен эмнеге ушундай кылып жатасың?” – деп, ага ким айта алат?»
11Дөөт Абышайга жана өз кулдарына дагы мындай деди: «Өзүмдөн чыккан уулум мени өлтүргүсү келип жатса, Бенжеминдин уулу андан бетер кылбайбы. Жайына койгула, тилдей берсин, анткени ага Теңир буйруган.
12Балким, Теңир басынтылганыма назар салар, ал бүгүн мага тил тийгизгени үчүн Теңир мага жакшылык кылар».
13Дөөт өз кишилери менен, өз жолу менен кете берди, Шемей болсо тилдеп, ага таш ыргытып, топурак чачып, тоонун капталында бара жатты.
14Падыша жана анын жанындагы алсыраган бүт эл ошол жерге келип эс алды.
15Абышалом болсо бүт Ысрайыл эли менен Иерусалимге келди, аны менен Акитопел да келди.
16Дөөттүн архилик досу Хушай Абышаломго келип: «Жашасын падыша, жашасын падыша!» – деди.
17Абышалом Хушайга: «Досуңа кылган жакшылыгың ушулбу! Эмнеге досуң менен кеткен жоксуң?» – деди.
18Хушай Абышаломго мындай деди: «Жок, Теңир жана бул эл, бүт Ысрайыл, кимди тандаса, мен ошону менен болом, ошону менен калам.
19Анын уулуна кызмат кылбаганда, кимге кызмат кылам? Сенин атаңа кандай кызмат кылсам, сага да ошондой кызмат кылам».
20Ошондо Абышалом Акитопелге кайрылып: «Эмне кылалы, кеңеш бер», – деди.
21Акитопел Абышаломго: «Атаңдын үй кайтартып койгон күң аялдарына кир, ошондо бүт ысрайылдыктар атаңа жек көрүндү болуп калганыңды угушат, сени менен болгондор да күч алат», – деди.
22Ошондо Абышалом үчүн үйдүн төбөсүнө чатыр тигишти. Бүт ысрайылдыктардын көзүнчө Абышалом атасынын күң аялдарына кирди.
23Ошол учурда Акитопелдин берген кеңештери Кудайдын берген кеңештериндей эсептелчү. Акитопелдин ар бир кеңеши Дөөт үчүн кандай болсо, Абышалом үчүн да ошондой эле.