2 Шемуел 17:1-29 KYB2004 - Bible AI

1Акитопел Абышаломго мындай деди: «Мен он эки миң киши тандап алып, ушул түнү Дөөттүн артынан түшөйүн.

2Ал чарчап-чаалыгып, алсырап калганда, мен ага кол салып коркутам. Анын жанындагы элдин баары туш тарапка качып кетет, ошондо мен жалгыз падышаны өлтүрөм,

3бардык адамдарды сага каратам. Сен өлтүрө турган адам жок болгондон кийин, бүт элге тынчтык болот».

4Бул сөз Абышаломго жана Ысрайылдын бүт аксакалдарына жакты.

5Бирок Абышалом: «Архилик Хушайды чакыргыла. Ал эмне дейт экен, угалы», – деди.

6Хушай Абышаломго келди, ошондо Абышалом ага: «Акитопел ушундай деди, анын сөзү боюнча кылалыбы? Эгер антпейбиз десең, анда айт», – деди.

7Хушай Абышаломго: «Бул жолу Акитопелдин айткан кеңеши жакшы эмес», – деп жооп берди.

8Хушай сөзүн улантты: «Сен атаңды жана анын кишилерин билесиң, алар эр жүрөк жана балдарынан ажыраган талаадагы ургаачы аюудай абдан ачуулуу. Сенин атаң – жоокер адам. Ал эл менен чогуу түнөбөйт.

9Ушул кезде ал кайсы бир үңкүрдө же башка жерде жашынып жатат. Эгерде аларга биринчи чабуул койгон киши өлсө, анда аны уккандар: “Абышаломду ээрчигендер жеңилип калышты”, – деп айтышат.

10Ошондо кабылан жүрөк, кайраттуу шерлердин да көңүлү чөгүп алсырашат. Анткени сенин атаңдын эр жүрөк экенин, анын кишилеринин кайраттуу экенин бүт Ысрайыл билет.

11Ошондуктан менин кеңешим мындай: Дандан Бейер-Шебага чейин деңиз жээгиндеги кумдай сансыз бүт Ысрайыл сенин жаныңа чогулсун. Аны өзүң баштап барасың.

12Ошондо ал кайсы гана жерде болбосун, ага каршы барабыз. Жерге шүүдүрүм түшкөндөй, ага чабуул коёбуз. Анын жанындагы адамдарынан бирөө да калбайт.

13Эгерде ал кайсы бир шаарга кирсе, бүт Ысрайыл аркан алып келет да, аны дайрага сүйрөп түшөбүз, кыскасы, бир да майда таш калбайт».

14Ошондо Абышалом жана бүт Ысрайыл: «Акитопелдин кеңешинен архилик Хушайдын кеңеши жакшы», – деди. Абышаломдун башына мүшкүл түшүрүү үчүн, Теңир Акитопелдин жакшы кеңешин ушинтип бузду.

15Хушай ыйык кызмат кылуучулар Абыйатар менен Садокко мындай деди: «Абышалом менен Ысрайыл аксакалдарына Акитопел тигиндей кеңеш берди, мен болсо мындай кеңеш бердим.

16Азыр Дөөткө тезирээк киши жибергиле да, минтип айткыла: “Ушул түнү чөл түздүгүндө түнөй көрбө, сени менен кошо жаныңдагы кишилердин баары набыт болбош үчүн, тезирээк өтүп кеткин”».

17Жонатан менен Акимаас Рогейил булагынын жанында турушкан. Кызматчы аял барып, аларга айтты, алар барып, Дөөт падышага билдиришти, анткени алар шаар ичинде көрүнбөшү керек эле.

18Бир жаш улан аларды көрүп, Абышаломго жеткирди, бирок экөө тезинен кетишти да, Бакуримдеги бир кишиникине барып, анын короосундагы кудукка түшүп кетишти.

19Ал кишинин аялы кудуктун оозуна жабуу жапты да, эч нерсе билинбегендей кылып, үстүнө акшак чачып салды.

20Абышаломдун кулдары ошол үйгө, аялга келип: «Акимаас менен Жонатан кайда?» – деп сурашты. Аял аларга: «Алар өзөндү кечип өтүп кетишти», – деп жооп берди. Алар издеп-издеп таппаган соң, Иерусалимге кайтып келишти.

21Алар кетишкен соң, тигилер кудуктан чыгып, Дөөт падышага: «Тургула да, тезирээк суудан өтүп кеткиле, анткени силерге каршы Акитопел ушундай кеңеш берди», – деп билдиришти.

22Дөөт жана анын жанындагы адамдардын баары туруп, Иорданды кечип өтүштү. Таңга чейин Иорданды кечип өтпөгөн бир да жан калган жок.

23Акитопел өзүнүн кеңешинин аткарылбаганын көрүп, эшегин токуп, жолго чыкты да, өз шаарына барып, үй-бүлөсүнө керээзин айтып, асынып өлдү, сөөгү атасынын мүрзөсүнө коюлду.

24Анан Дөөт Маханайимге келди, Абышалом бүт Ысрайыл менен Иорданды кечип өттү.

25Абышалом Жойаптын ордуна Амасаны аскер башчы кылып койду. Амаса изрейелдик Жетер аттуу кишинин уулу эле. Ал Нахаштын кызы Абигейилге жакындаган. Абигейил – Жойаптын энеси Серуянын сиңдиси.

26Абышалом башында турган Ысрайыл кошууну Гилат жерине жайланышты.

27Дөөт Маханайимге келгенде, амондуктардын Рабесинен Нахаштын уулу Шоби, Ло-Дебардан Амиелдин уулу Махир жана Роглимден гилаттык Барзелай

28жууркан-төшөк, табак, чопо идиш, буудай, арпа, ун, таруу, буурчак, кызыл жасмык, куурулган дан алып келди.

29Алар: «Эл чөлдө ачкалыктан алсырап, чаалыгып-чарчап, чаңкашты», – деп, Дөөткө жана анын кишилерине азык кылып бал, май, кой, уйдун сүтүнүн быштагын алып келип беришти.

>