1Жойапка: «Падыша Абышаломду жоктоп ыйлап жатат», – деп айтышты.
2Ошол күнкү жеңиш бардык эл үчүн ыйга айланды, анткени эл ошол күнү падышанын уулун жоктоп ыйлап жатканын укту.
3Согуштан качып келе жатканына уялган адамдардай болуп, эл ошол күнү шаарга уурданып кирип жатты.
4Падыша болсо жүзүн жаап алып, өкүрүп жатты: «Уулум Абышалом! Абышалом, уулум, уулум менин!»
5Жойап падышанын үйүнө барды да, мындай деп айтты: «Сенин уул-кыздарыңдын, аялдарыңдын жана күң аялдарыңдын өмүрүн сактап калган кулдарыңдын бардыгын бүгүн сен уятка калтырдың.
6Өзүңдү жек көргөндөрдү сүйөсүң да, сүйгөндөрдү жек көрөсүң, анткени жол башчыларың менен кулдарың сен үчүн эч ким эмес экендигин сен бүгүн көргөздүң. Абышалом тирүү калып, биз баарыбыз өлүп калсак, сага жакшы болорун бүгүн билдим.
7Азыр тургун да, чыгып, кулдарыңдын көңүлүн көтөрүп сүйлө. Эгер чыкпай турган болсоң, Теңирдин алдында ант берем, бул түнү сенин жаныңда эч ким калбайт. Ошондо бул жаш кезиңден ушул убакка чейин көргөн бардык кыйынчылыктарыңдан жаман болот».
8Ошондо падыша туруп келип, дарбазанын алдына отурду. Элдин баарына падышанын дарбазанын алдында отурганын жарыя кылышты. Ошондо бүт эл падышанын алдына келди. Ысрайылдыктар болсо чатырларына качып кетишти.
9Ысрайылдын бардык урууларындагы бүт эл мындай деп талашып жатышты: «Падыша бизди душмандарыбыздан куткарды, пелиштиликтердин колунан бошотту, азыр болсо өлкөдөн, Абышаломдон качып кетти.
10Бирок биз өзүбүзгө падыша кылып майлаган Абышалом согушта өлдү. Эми эмнеге силер падышаны өз үйүнө алып келбей, кечиктирип жатасыңар?»
11Дөөт падыша ыйык кызмат кылуучулар Садок менен Абыйатарга киши жиберип, мындай деп айттырды: «Жүйүттүн аксакалдарына айткыла: Силер падышаны үйүнө биринчилерден болуп кайра алып келсеңер болбойбу? Бул бүт Ысрайылда сөз болуп, падышанын үйүнө эбак эле жетпеди беле?
12Силер менин бир туугандарым, сөөгүм жана денемсиңер. Падышаны өз үйүнө кайтарууда эмне үчүн силер акыркы болгуңар келет?
13Анан Амасага айткыла: “Менин сөөгүм да, денем да сен эмес белең? Эгер сен Жойаптын ордуна өмүрүң өткөнчө менин аскер башчым болбосоң, анда Кудай мени жазаласын, катуу жазаласын!”»
14Ошентип, ал бардык жүйүттөрдүн жүрөгүн бир кишидей өзүнө бурду. Ошондо алар падышага: «Өзүң да, кулдарың да кайтышсын», – деп айттырганы киши жиберишти.
15Падыша кайтып, Иорданга келди. Жүйүттөр падышаны тосуп алып, Иордандан өткөрүү үчүн, Гилгалга келишти.
16Бенжемин уруусунан бакуримдик Гейранын уулу Шемей шашылган боюнча жүйүттөр менен бирге Дөөт падышаны тоскону жөнөдү.
17Аны менен Бенжеминден миң киши, Шабулдун үй башкаруучусу Сиба өзүнүн он беш уулу жана жыйырма кулу менен келишти да, Иордандан өтүп, падышаны тосуп чыгышты.
18Падышанын үй-бүлөсүн алып өтүү үчүн жана анын каалоосун аткаруу үчүн, сал наркы өйүзгө өткөндөн кийин, Гейранын уулу Шемей Иордандан өтөрү менен падышанын алдына жыгылды.
19Ал падышага мындай деди: «Иерусалимден мырзам падыша чыгып бара жаткан күнү кулуңдун кылган күнөөсүн эске алба, жүрөгүңдө сактаба мырзам падыша, мени кылмышкер катары эсептебе.
20Анткени кулуң күнөө кылганын билет, мен азыр Жусуптун бардык тукумунан биринчи болуп, мырзам падышаны тоскону келдим».
21Серуянын уулу Абышай: «Теңирдин майланганын тилдегени үчүн Шемей кантип өлүм жазасына тартылбасын?» – деди.
22Ошондо Дөөт: «Серуянын уулдары, мени менен силердин эмне ишиңер бар, мени эмнеге тукуруп жатасыңар? Бүгүн Ысрайылда адам өлтүргүдөй күн болуп жатабы? Азыр мен Ысрайылга падыша экенимди көрбөй турамбы?» – деди.
23Падыша Шемейге: «Сен өлбөйсүң», – деди. Падыша ага ант берди.
24Шабулдун небереси, Жонатандын уулу Мепибешет да падышаны тосуп алганы келди. Ал падыша чыккан күндөн тартып тынчтык менен кайра кайткан күнгө чейин, бутун да, кийимдерин да жууган эмес, сакалын да караган эмес.
25Ал Иерусалимден чыгып, падышаны тоскону келгенде, падыша андан: «Мепибешет, сен эмне үчүн мени менен кеткен жоксуң?» – деп сурады.
26Тиги мындай деп жооп берди: «Мырзам падыша! Мени өз кулум алдады. Мен, сенин кулуң: “Эшегимди токуп минип алып, падыша менен кетейин”, – деп айткам. Анткени мен, сенин кулуң, аксак эмесминби.
27Ал мырзам падышанын алдында кулуңду ушактады. Бирок мырзам падыша Кудайдын периштесиндей. Каалаганыңды кыл.
28Мырзам падышанын алдында атамдын бүт үй-бүлөсү өлүмгө татыктуу болсо да, сен кулуңду өз дасторконуңдан тамактангандардын арасына отургуздуң. Падышанын алдында даттанууга акым барбы?»
29Падыша ага: «Мунун баарын эмне үчүн айтып жатасың? Талааны Сиба экөөңөр өз ара бөлүшүп алгыла деп айтпадым беле?» – деди.
30Бирок Мепибешет падышага мындай деп жооп берди: «Мырзам падыша өз үйүнө тынчтык менен кайтып келген соң, ал баарын ала берсин».
31Падыша менен Иордандан бирге өтүп, аны андан ары узатуу үчүн, Роглимден гилаттык Барзелай да келди.
32Барзелай сексенге чыккан абдан кары адам эле. Падыша Маханайимде жүргөндө, ал аны азык-түлүк менен камсыз кылып турган, себеби ал бай адам эле.
33Падыша Барзелайга: «Жүр мени менен, мен сени Иерусалимде азык-түлүк менен камсыз кылып турам», – деди.
34Бирок Барзелай падышага мындай жооп берди: «Падыша менен Иерусалимге баргыдай, көпкө жашамак белем?
35Азыр сексен жаштамын, жаман-жакшыны айырмалай алмак белем. Кулуң ичкен-жегенинин даамын билмек беле. Ырчы кыздар менен балдардын үнүн уга алмак белем. Мырзам падыша, кулуңду жүк кылып эмне кыласың?
36Кулуң падышаны Иордандан ары бир аз узатып бара алат. Падыша мени эмне кылганым үчүн ушунча урматтап жатат?
37Кайтып барып, өз шаарымда, ата-энемдин мүрзөсүнүн жанында өлүүгө кулуңа уруксат эт. Бирок сенин кулуң, менин уулум Кимам, мырзам падыша менен барсын, аны эмне кылам десең, өзүң бил».
38Падыша: «Кимам мени менен барсын, ага сен каалагандай кылам. Каалаганыңдын баарын кылам», – деди.
39Бүт эл жана падыша Иордандан өтүштү. Анан падыша Барзелайды өөп, ага батасын берди. Ал өз жерине кайтты.
40Падыша Гилгалга жөнөдү, Кимам да аны менен жөнөдү. Бүт Жүйүт эли жана Ысрайыл элинин жарымы падышаны узатты.
41Бүт ысрайылдыктар падышага келип: «Эмне үчүн бир туугандарыбыз жүйүттөр сени уурдап, үй-бүлөң менен, бардык кишилериң менен Иордан аркылуу өткөрүп жиберишти?» – дешти.
42Ошондо Жүйүттүн кишилеринин баары ысрайылдыктарга: «Падыша биздин жакыныбыз, бул нерсеге эмнеге ачууланып жатасыңар? Биз падышанын бир нерсесин жедикпи же андан белек алдыкпы?» – деп жооп беришти.
43Ысрайылдыктар жүйүттөргө жооп кылып, мындай дешти: «Биз падышачылыктын он бөлүгүн түзөбүз, Дөөттүн жанында силерге караганда биз көппүз. Эмне үчүн силер бизди кемсинттиңер? Падышабызды алып келүү жөнүндө биринчи биз сүйлөшүбүз керек эмес беле?» Бирок ысрайылдыктардын сөзүнө караганда жүйүттөрдүн сөзү күчтүү болду.