2 Шемуел 20:1-26 KYB2004 - Bible AI

1Бенжеминдик Бихра уулу Шеба деген жаман киши ошол жерде эле. Ал сурнай тартты да: «Дөөттө биздин эч кандай бөлүгүбүз жок. Жышайдын уулунда энчибиз жок. Ысрайылдыктар, бардыгыңар өз-өз чатырыңарга тарагыла!» – деди.

2Ошондо бардык ысрайылдыктар Дөөттөн бөлүнүштү да, Бихранын уулу Шебанын артынан жөнөштү. Жүйүттөр болсо өз падышасы тарапта калышты, алар Иордандан Иерусалимге чейин аны менен барышты.

3Дөөт Иерусалимдеги өз үйүнө келип, үйүн кайтарган он күң аялын өзгөчө бир үйгө жайгаштырды. Аларга көзөмөл коюп, багып турду, бирок аларга жакындаган жок. Алар өлөр-өлгөнчө ошол жерде багылып, жесир катарында жашашты.

4Дөөт Амасага: «Мага үч күндүн ичинде жүйүттөрдү чакырып кел, өзүң да кел», – деди.

5Амаса жүйүттөрдү чакырууга жөнөп кетти, бирок Дөөт айткан убактан көп кечикти.

6Ошондо Дөөт Абышайга: «Эми Бихранын уулу Шеба бизге Абышалом кылган жамандыктан да чоң жамандык кылат. Ал чептүү шаарларды таап, бизден жашынып кала электе, сен мырзаңдын кулдарын алып, анын артынан түш», – деди.

7Анын артынан Жойаптын кишилери, керейликтер, пелейликтер, эр жүрөк адамдар Иерусалимден чыгышты да, Бихранын уулу Шебанын артынан түшүштү.

8Алар Гибондун жанындагы чоң ташка жеткенде, Амасага жолугушту. Жойап аскер кийимчен эле, белиндеги курунда кынына салынган кылычы бар эле. Анын кылычы кынынан оңой суурулуп, кайра кынына оңой салынчу.

9Жойап Амасага: «Амансыңбы, бир тууганым?» – деп кайрылды. Жойап Амасаны өбүш үчүн, оң колу менен сакалынан кармады.

10Амаса Жойаптын колундагы кылычын байкаган жок. Ал аны курсакка сайганда, анын ичеги-карды жерге түшүп калды. Соккуну ал кайталаган жок, тиги жан берди. Жойап жана бир тууганы Абышай Бихранын уулу Шебанын артынан түшүштү.

11Амасанын жанында турган Жойаптын уландарынын бири: «Ким Жойап десе, ким Дөөт тарапта болсо, Жойаптын артынан жүрсүн!» – деди.

12Амаса болсо жолдун ортосунда канжалап жатты. Ал улан нары өткөн, бери өткөн элдин баары токтоп өтүп жатканын көрүп, Амасаны жолдон алып, талаага сүйрөп барып, кийимдери менен жаап салды.

13Ал жолдон сүйрөлүп ташталгандан кийин, бүт Ысрайыл эли Жойапты ээрчип, Бихранын уулу Шебанын артынан түштү.

14Шеба болсо Абел-Бейт-Маакка чейин Ысрайылдын бардык урууларын жана бүт Бейрини аралап өттү. Бейринин тургундары жыйналып, анын аркасынан жөнөштү.

15Алар Абел-Бейт-Маакка келишип, аны ошол жерде курчоого алышты. Шаардын дубалынын жанына жал куруп, дубалга чыгышты. Жойап менен келген бардык адамдар дубалды бузууга аракеттеништи.

16Ошондо шаар дубалынан бир акылдуу аял: «Уккула, уккула, Жойапка айткыла, ал бул жерге келсин, мен аны менен сүйлөшөм», – деп кыйкырды.

17Жойап жакын келгенде, аял: «Жойап деген сенсиңби?» – деди. Ал: «Ооба, менмин», – деди. Аял: «Күңүңдүн сөзүн ук», – деди. Ал: «Угуп жатам», – деди.

18Аял мындай деди: «Мурда мындай айтышчу эле: “Ким сурагысы келсе, абелдиктерден сурасын”. Иш ушинтип чечилчү.

19Мен Ысрайылдын тынч, ишеничтүү шаарларынын бириненмин. Сен болсо Ысрайыл шаарларынын энесин талкалагың бар. Теңирдин мурасын жок кылып эмне кыласың?»

20Жойап мындай деп жооп берди: «Мен талкалайын же жок кылайын деген жокмун, андай оюм жок!

21Андай кылбайм, бирок Эпрайым тоосунда жашаган Бихранын уулу Шеба аттуу киши Дөөт падышага каршы чыкты. Жалгыз гана ошону мага чыгарып бергиле, анан мен шаардан кетем». Ошондо аял Жойапка: «Азыр анын башы сага дубалдан ыргытылат», – деди.

22Анан аял бүт элге акылдуу сөздөрдү айтты. Алар Бихранын уулу Шебанын башын алып, Жойапка ыргытышты. Ошондо Жойап сурнай тартты, бардыгы өз чатырларына тарашты. Жойап болсо падышага, Иерусалимге кайтты.

23Жойап Ысрайылдын бүт аскеринин үстүнөн коюлду, Жойат уулу Беная керейликтер менен пелейликтердин үстүнөн коюлду.

24Адорам салык жыйноонун үстүнөн коюлган, Акилуттун уулу Жошапат – тарыхчы,

25Шеба – катчы, Абыйатар менен Садок – ыйык кызмат кылуучулар.

26Ошондой эле жариттик Ира Дөөткө ыйык кызмат кылуучу болду.

>