2 Шемуел 21:1-22 KYB2004 - Bible AI

1Дөөттүн убагында ал жерде катары менен үч жыл ачарчылык болду. Дөөт Теңирден сурады. Теңир: «Бул ачарчылык Шабул үчүн жана анын кан ичкич үй-бүлөсү үчүн, ал гибондуктарды өлтүргөндүгү үчүн болду», – деди.

2Ошондо падыша гибондуктарды чакырып, алар менен сүйлөштү. Гибондуктар Ысрайыл тукумунан эмес, аморлуктардын калдыктарынан болчу. Ысрайылдыктар аларга ант беришкен, бирок Шабул Ысрайыл менен Жүйүт тукумун кызганып, аларды кыргысы келген.

3Дөөт гибондуктардан: «Теңирдин мурасына бата берүүңөр үчүн, Ысрайылды күнөөсүнөн арылтыш үчүн, силерге эмне кылышым керек?» – деп сурады.

4Гибондуктар ага: «Бизге Шабулдун күмүшүнүн да, алтынынын да кереги жок, анын үйүндөгү эч нерсесинин кереги жок. Ысрайылдыктардан эч кимди өлтүргүбүз келбейт», – деп жооп беришти. Ал: «Анда эмнени каалайсыңар? Мен аткарып берем», – деди.

5Алар падышага: «Бизди Ысрайылдын бир да жеринде калтырбоону каалаган, бизди өлтүрүп, тукум курут кылгысы келген ошол кишинин тукумунан бизге жети киши бер.

6Биз аларды Теңирдин алдында, Теңир тандап алган Шабулдун Гиба тоосунда дарга асабыз», – деп айтышты. Падыша: «Берем», – деди.

7Бирок падыша Шабулдун уулу Жонатанга Теңирдин алдында берген анты үчүн Шабулдун небереси, Жонатандын уулу Мепибешетти аяп койду.

8Бирок падыша Шабулдун Айанын кызы Риспадан төрөлгөн эки уулун: Армоний менен Мепибешетти жана Шабулдун кызы Мейраптын мехолалык Барзелай уулу Адриелге төрөп берген беш уулун алып,

9аларды гибондуктардын колуна салып берди. Гибондуктар аларды тоодо, Теңирдин алдында асышты. Жетөө бирге өлдү. Алар өлгөн күн түшүм жыйноонун алгачкы күндөрү, арпа оруп-жыюу мезгилинин башталышы эле.

10Ошондо Айанын кызы Риспа зумбал алып, аны ошол тоодо алдына жайып, орок маалы башталгандан тартып, алардын үстүнө асмандан Кудайдын суулары төгүлгөнчө отурду. Ал аларга күндүз асман куштарын, түнкүсүн талаа жырткычтарын тийгизбеди.

11Шабулдун күң аялы – Айанын кызы Риспанын эмне кылганын Дөөткө билдиришти.

12Дөөт гилаттык Жабештин тургундарына барып, Шабулдун жана анын уулу Жонатандын сөөгүн алды. Жабештин тургундары алардын сөөгүн Бейт-Шан аянтынан жашыруун алып кетишкен. Пелиштиликтер Шабулду Гилбояда өлтүрүп, аларды ошол аянтка асып коюшкан.

13Дөөт ал жерден Шабулдун жана анын уулу Жонатандын сөөгүн алып келди. Дарга асылгандардын сөөгүн жыйнашты.

14Алар Шабулдун жана анын уулу Жонатандын сөөгүн Бенжемин жеринде, Сейлада, Шабулдун атасы Киштин мүрзөсүнө коюшту. Падыша кандай буйруса, баарын ошондой жасашты. Ошондон кийин Кудай өлкөгө ырайым кылды.

15Ысрайыл менен пелиштиликтердин ортосунда кайрадан согуш болду. Дөөт өзүнүн кулдары менен чыгып, пелиштиликтер менен салгылашты. Дөөт алсырады.

16Ошондо репалыктардын тукумунан жаңы кылыч курчанган Жишпи деген киши Дөөттү сайып өлтүргүсү келди. Анын найзасынын салмагы үч жүз жез шекел эле.

17Бирок Дөөткө Серуянын уулу Абышай жардамга келип, пелиштилик кишини сайып өлтүрдү. Ошондо Дөөттүн кишилери мындай деп ант беришти: «Ысрайылдын чырагы өчпөш үчүн, мындан ары сен биз менен согушка чыкпайсың».

18Андан кийин Гобада пелиштиликтер менен кайрадан согуш болду. Ошондо хушалык Сипхай репалыктардын тукумунун бири болгон Сапты өлтүрдү.

19Гобада дагы салгылашуу болду. Ал салгылашууда бейт-лехемдик Жарей-Оргим уулу Элханан токуучу куралдын баканындай найза көтөргөн гаттык Голийатты өлтүрдү.

20Гатта дагы салгылашуу болду. Ал салгылашууда колу менен бутунда алтыдан манжасы бар, бардыгы жыйырма төрт манжалуу, узун бойлуу репалыктардын тукумунан бир киши бар болчу.

21Ал ысрайылдыктарды шылдыңдады, бирок аны Дөөттүн агасы Шимейдин уулу Жонатан өлтүрдү.

22Бул төртөө Гаттагы репалыктардын тукумунан эле, алар Дөөттүн жана анын кулдарынын колунан каза табышты.

>