1Теңир Дөөттү бардык душмандарынын жана Шабулдун колунан куткарган күнү ал Теңирди мындай деп мактап ырдады:
2«Теңирим менин тирегим, сепилим, Куткаруучум.
3Кудайым менин аска-зоом. Мен Ага гана таянам. Ал менин калканым, куткаруучу мүйүзүм, коргоочум, баш паанам. Сен мени бардык жамандыктан куткарган Куткаруучумсуң!
4Табынууга татыктуу Теңирди чакырып, душмандарымдан кутулам.
5Мени өлүм толкуну курчап алды, мыйзамсыздыктардын агымы үрөйүмдү учурду.
6Мага өлгөндөр жаткан жайдын чынжырлары салынды, өлүмдүн торуна чалындым.
7Бирок мен кысталышта калганымда, Теңирди чакырдым, Кудайыма жалындым. Ал Өзүнүн турагынан менин үнүмдү укту, зар-муңум Анын кулагына жетти.
8Жер силкинип термелди, асмандын негизи козголуп солкулдады, анткени Теңир каарданды.
9Анын таноосунан түтүн көтөрүлүп, оозунан баарын жалмап жиберчү от чыкты. Андан күйүп жаткан чоктор чачырап жатты.
10Асманды эңкейтип, Ал жерге түштү, Анын бут астында караңгылык жатты.
11Ал керуптардын үстүнө отуруп, шамалдын канатында учуп жөнөдү.
12Ал караңгылыкты Өзүнө чатыр сыяктуу жабуу кылды, Ал асмандагы булут сууларын коюулантып, Өзүнө чатыр кылды.
13Анын алдындагы жарыктан оттуу чоктор жалбырттап күйүп жатты.
14Асмандан Теңир күркүрөдү, Баарынан Жогору Турган үн салды.
15Өзүнүн жебелерин тартып, аларды туш-тушка чачыратты. Чагылганды жарк эттирип, аларды жок кылды.
16Теңирдин коркунучтуу добушунан, Анын таноосунан чыккан демден деңиз булактары ачылып, ааламдын негиздери жылаңачтанды.
17Ал бийиктен колун сунуп, мени алды, мени чоң суулардан тартып чыгарды.
18Мени күчтүү душманымдан, менден күчтүү болгон жек көрүүчүлөрдөн куткарды.
19Алар мага башыма мүшкүл түшкөн күнү каршы чыгышты, бирок Теңир мага жөлөк болду.
20Ал мени кең жерге алып чыкты, мени куткарды, анткени Ал мени жакшы көрөт.
21Теңир менин адилдигиме жараша тиешемди берди, колумдун тазалыгына жараша сыйлык берди.
22Анткени мен Теңирдин жолун сактадым, Кудайымдан четтеген жокмун.
23Анткени Анын бардык мыйзамдары менин алдымда, Анын көрсөтмөлөрүнөн четтеген жокмун.
24Мен Анын алдында таза элем, күнөө кылып албайын деп сактанчумун.
25Теңир Өзүнүн көз алдындагы адилдигиме жараша, тазалыгыма жараша тиешемди берди.
26Боорукерге Сен боорукердик кыласың, адил адамга Сен адилет мамиле кыласың,
27тазага тазалыгына жараша, алдамчыга алдамчылыгына жараша мамиле кыласың.
28Сен эзилген адамдарды куткарасың, менменсингендерди Өзүңдүн көз карашың менен кемсинтесиң.
29Теңир, Сен менин чырагымсың. Теңир менин караңгымды жарык кылат.
30Мен Сени менен аскерлерди талкалайм. Кудайым менен чепти ашып түшөм.
31Кудай! Анын жолу таза, Теңирдин сөзү таза, Ал – Өзүнө таянгандардын баарына калкан.
32Теңирден башка Кудай барбы? Биздин Кудайдан башка сактоочу барбы?
33Кудай мага күч берет, мага түз жол салат.
34Буттарымды бугунун буттарындай кылат, мени бийик жерлерге чыгарат.
35Колумду согушка даярдайт, булчуңдарымды жез жаадай чоёт.
36Сен мага куткаруучу калканыңды бердиң, Сенин ырайымың мени жогору көтөрөт.
37Сен менин баса турган жолумду кеңейтесиң, ошондо тизелерим титиребейт.
38Душмандарымды кууп жетип, аларды жок кылам, аларды жок кылмайынча, артка кайтпайм.
39Аларды талкалайм, кырып жок кылам. Алар тура албай калышат, менин бут алдыма жыгылышат.
40Сен мага согушканга күч бердиң, мага каршы көтөрүлгөндөрдү бут алдыма жыгып бердиң.
41Душмандарымды менин көз алдымда артка чегинттиң. Мени жек көргөндөрдү кыйратып жатам.
42Алар чакырып жатышат, бирок алардын куткарары жок. Теңирге жалынып жатышат, бирок Ал аларды укпайт.
43Мен аларды топурактай чачам, аларды көчөдөгү баткактай ийлеп, тебелеп-тепсейм.
44Сен мени өз элимдин козголоңунан куткарып алдың. Сен мени бөтөн элдерге эл башчы кылыш үчүн сактадың. Өзүм тааныбаган эл мага кызмат кылып жатат.
45Бөтөн элдер менин алдымда жасакерленишет. Алар мен жөнүндө угуп эле мага баш ийишет.
46Бөтөн элдер кумсарып, өздөрүнүн сепилдеринде титиреп отурушат.
47Теңир тирүү, менин Тирегим даңкталсын! Мени куткарган Кудай даңазалансын.
48Мен үчүн өч алган, мага бөтөн элдерди багындырып берген Кудай,
49мени душмандарымдан куткарган Кудай даңкталсын! Мага каршы чыккандардын алдында Сен мени жогору көтөрдүң, мени катаал кишиден куткардың.
50Ошон үчүн, Теңир, сени даңктайм, бөтөн элдердин арасында Сенин ысымыңды даңктап ырдайм.
51Падышаны улуу жеңиш менен куткарган, Өзүң майлаган Дөөткө жана анын укум-тукумуна түбөлүккө ырайым кылган Сени даңктап ырдайм!»