2 Шемуел 24:1-25 KYB2004 - Bible AI

1Теңир Ысрайылга кайрадан каарданып, Дөөттү Ысрайыл элине каршы козгоп: «Бар, Жүйүт менен Ысрайылды санап кел», – деп айттырды.

2Падыша жанындагы аскер башчысы Жойапка жана анын кишилерине кайрылды: «Дандан Бейер-Шебага чейинки Ысрайылдын бүт урууларын аралап чыгып, элдин санын эсептеп келгиле, мен элдин санын билишим керек».

3Жойап падышага: «Кудай-Теңириң канча элиң болсо, дагы ошончо көбөйтсүн, жүз эсе көбөйтсүн, мырзам падыша муну өз көзү менен көрсүн, бирок мырзам падыша бул ишти эмнеге каалап калды экен?» – деди.

4Бирок падышанын сөзү Жойаптын жана аскер башчылардын сөзүнөн күчтүү болду. Ошентип, Жойап аскер башчылары менен Ысрайыл элин саноо үчүн падышанын алдынан кетишти.

5Алар Иордандан өтүп, Гат өрөөнүнүн ортосундагы шаардын оң тарабындагы, Жазер тараптагы Аройер шаарына токтошту.

6Анан Гилатка жана Тахтим-Хотши жерине келишти. Анан алар Дан-Янга келип, Сидонду айланып өтүштү.

7Тир чебине, анан хиптиктер менен канаандыктардын бардык шаарларына келип, Жүйүт аймагынын түштүгүнө, Бейер-Шебага чыгышты.

8Ошентип, бардык жерди айланып өтүп, тогуз ай, жыйырма күн дегенде, Иерусалимге келишти.

9Жойап падышага элдин тизмесин тапшырды. Ысрайылдыктардан сегиз жүз миң, ал эми жүйүттөрдөн беш жүз миң, согушка жарактуу, күчтүү адам бар экени маалым болду.

10Элди санап чыккандан кийин, Дөөттүн жүрөгү солк этти. Анан Дөөт Теңирге: «Мен ушул ишти кылып, оор күнөө кетирдим. Эми Сага жалынам, Теңир, Өзүңдүн кулуңдун күнөөсүн кечир, анткени мен өтө акылсыз иш кылдым», – деди.

11Дөөт эртеси эртең менен турганда, Дөөттүн көрөгөчү Гат пайгамбарга Теңирден мындай сөз болду:

12«Баргын да, Дөөткө айт: Теңир мындай дейт: “Мен сага үч жаза сунуш кылам, алардын ичинен өзүң тарта турган бир жазаны тандап ал”».

13Гат Дөөткө келип, мындай деп билдирди: «Өлкөңдө жети жыл ачарчылык болсунбу, же душмандарың сени кууп, алардан үч ай качып жүрөсүңбү, же өлкөңдү үч күн удаа жугуштуу оору каптасынбы? Өзүң танда. Ойлонуп, мени Жибергенге эмне деп жооп беришим керек экенин чеч».

14Дөөт Гатка: «Мага абдан оор болду, бирок Теңирдин колуна түшкөнүм жакшы, анткени Ал абдан боорукер. Адамдын колуна түшпөсөм эле болду», – деди.

15Теңир ысрайылдыктарга эртең мененден баштап, белгиленген убакытка чейин жугуштуу оору жиберди. Ошондо Дандан Бейер-Шебага чейин жетимиш миң киши өлдү.

16Периште Иерусалимди кыйратуу үчүн, ага каршы колун сунду. Бирок Теңир алаамат түшүргөнүнө өкүнүп, элге кыргын салган периштеге: «Жетишет, эми колуңду түшүр», – деди. Теңирдин периштеси ошол учурда жебустук Арабенанын кырманынын жанында эле.

17Дөөт элге кыргын салган периштени көрүп, Теңирге: «Мен күнөө кетирдим, мыйзамсыз иш кылдым. А бул койлор эмне кылды? Сенин колуң мага жана менин атамдын тукумуна каршы бурулсун», – деди.

18Ошол күнү Гат Дөөткө келип: «Баргын да, жебустук Арабенанын кырманына Теңирге арнап курмандык чалынуучу жай тургуз», – деди.

19Дөөт Гаттын сөзү, Теңирдин буйругу боюнча барды.

20Арабена карап, өзүн көздөй келе жаткан падышаны жана анын кулдарын көрдү. Ошондо ал чыгып, падышага жерге чейин ийилип таазим этти.

21Арабена: «Мырзам падыша өз кулуна эмнеге келди?» – деп сурады. Дөөт: «Элдин кырылганы токтош үчүн, кырманыңды сатып алып, Теңирге курмандык чалынуучу жай тургузганы келдим», – деп жооп берди.

22Арабена Дөөткө мындай деди: «Мырзам падыша каалаганын алып, курмандыкка чалсын. Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалынчу өгүздөр мына, эгин бастыргыч менен өгүздүн догосу отун болсун.

23Падышам, ушунун бардыгын Арабена падышага берип жатат». Арабена падышага дагы мындай деди: «Кудай-Теңир сага ырайым кылсын!»

24Бирок падыша Арабенага: «Жок! Канча турса, мен сага ошончо төлөп берем. Кудай-Теңириме бекер алынган курмандыкты чалбайм», – деди. Дөөт кырманды, өгүздөрдү элүү күмүш шекелге сатып алды.

25Анан Дөөт ал жерге Теңирге арнап курмандык чалынуучу жай тургузуп, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды жана тынчтык курмандыктарын чалды. Ошондо Теңир өлкөгө ырайым кылды, Ысрайылдын кырылганы токтоду.

>