2 Шемуел 3:1-39 KYB2004 - Bible AI

1Дөөттүн үй-бүлөсү менен Шабулдун үй-бүлөсүнүн ортосунда узакка созулган чатак болду. Дөөт барган сайын күч алды, Шабулдун тукуму болсо барган сайын алсырады.

2Хеброндо Дөөттүн уулдары төрөлдү. Анын тун уулу изрейелдик Акинаамдан төрөлгөн Амнон болчу.

3Ал эми экинчи уулу – Килап, аны мурун Набалдын аялы болгон кармелдик Абигейил төрөгөн, үчүнчүсү – Абышалом, аны Гешур падышасы Талмайдын кызы Мааха төрөгөн.

4Төртүнчүсү – Кагыт төрөгөн уулу Адония, бешинчиси – Абытал төрөгөн уулу Шепатия.

5Алтынчысы – Дөөттүн аялы Эгла төрөгөн Итраам. Булар Дөөттөн Хеброндо төрөлүштү.

6Дөөттүн үй-бүлөсү менен Шабулдун үй-бүлөсүнүн ортосунда чатак болгондо, Абенер Шабулдун үйүн колдочу.

7Шабулдун Риспа деген күң аялы бар болчу, ал Айанын кызы эле. Ишпошет Абенерге: «Сен эмне үчүн менин атамдын күң аялына жакындадың?» – деди.

8Ишпошеттин сөзүнө Абенер абдан ачууланып, мындай деди: «Мен, эмне, Жүйүт итинин башымынбы? Мен Жүйүткө каршы туруп, атаң Шабулдун үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, досторуна ушул күнгө чейин жакшылык кылып келдим, сени Дөөттүн колуна салып берген жокмун, сен болсо мени ушул аял үчүн күнөөлөп жатасың.

9“Шабулдун тукумунан падышачылыкты тартып алып, Дөөттү такка отургузам, ал Ысрайылдын жана Жүйүттүн үстүнөн, Дандан Бейер-Шебага чейин падышачылык кылат”, – деп, Теңирдин Дөөткө берген антын аткарбасам, Кудай Абенерди жазаласын, катуу жазаласын!».

11Ишпошет Абенерге каршы сүйлөй алган жок, анткени андан коркчу.

12Абенер өзүнөн Дөөткө элчилерди жиберип: «Бул кимдин жери? Мени менен келишим түз, Ысрайылдын бүт элин сага каратыш үчүн, менин колум сени менен болот», – деп айттырды.

13Дөөт мындай деди: «Макул, мен сени менен келишим түзөм, бирок сенден бир нерсени талап кылам: мени менен көрүшкөнү келгенде, өзүң менен кошо Шабулдун кызы Михалды алып келбесең, менин жүзүмдү көрбөйсүң».

14Дөөт Шабулдун уулу Ишпошетке элчилеринен: «Менин аялым Михалды бер, аны мен жүз пелиштиликтин сүннөтүн кескендигим үчүн алгам», – деп айттырып жиберди.

15Ишпошет киши жиберип, күйөөсүнөн – Лаиштин уулу Палтиелден Михалды алдырды.

16Күйөөсү ыйлап, аялынын артынан Бакуримге чейин ээрчип барды. Бирок Абенер ага: «Артыңа кайт», – деди. Ал артка кайтты.

17Абенер Ысрайыл аксакалдарына мындай деп кайрылды: «Силер Дөөттүн өзүңөргө падыша болушун ушуга чейин каалап келгенсиңер.

18Эми ишке ашыргыла, анткени Теңир Дөөткө: “Мен Өз кулум Дөөттүн колу менен Өз элим Ысрайылды пелиштиликтердин колунан, бардык душмандарынын колунан куткарам”, – деп айткан».

19Бенжеминдиктерге да Абенер ушуну айтты. Ошентип, Абенер Ысрайылдын жана бүт Бенжемин уруусунун каалоосун Дөөткө айтып берүү үчүн, Хебронго жөнөдү.

20Абенер өзүнүн жыйырма кишиси менен Дөөткө, Хебронго келди, Дөөт Абенердин жана анын жанындагы адамдардын урматына той өткөрдү.

21Ошондо Абенер Дөөткө: «Мен барып, бүтүн Ысрайыл элин чогултуп, менин мырзама, падышага, алып келейин. Алар сени менен келишим түзүшөт, сен бардыгына өзүң каалагандай падышачылык кыласың», – деди. Дөөт Абенерди коё берди, ал тынчтык менен кетти.

22Ошондо Дөөттүн кулдары жана Жойап жортуулдан көп олжо менен келишти. Хеброндо, Дөөттүн жанында Абенер жок болчу, анткени Дөөт аны коё берген, ал тынчтык менен кеткен.

23Жойап жана аны менен жүргөн бүт аскерлер келишкенде, Жойапка: «Падышага Нейир уулу Абенер келип кетти, падыша аны коё берди, ал тынчтык менен кетти», – деп айтышты.

24Жойап падышага келип, мындай деди: «Сен эмне кылдың? Абенер сага келип кетиптир. Аны эмне үчүн коё бердиң, эмне үчүн кетирип жибердиң?

25Нейир уулу Абенерди сен жакшы билесиң да. Ал сени алдаганы, киргениңди, чыкканыңды билгени, эмне кылып жатканыңдын баарын изилдеп билгени келген».

26Анан Жойап Дөөттүн жанынан кетип, Абенердин артынан чабармандарды жиберди. Асир кудугуна жеткенде, аны артка кайттырышты. Бирок Дөөт муну билген жок.

27Абенер Хебронго кайра келгенде, Жойап аны менен атайын жашыруун сүйлөшөм демиш болуп, аны короого киргизип, ичке сайып өлтүрдү. Ошентип, Абенер Жойаптын бир тууганы Асаелдин каны үчүн каза тапты.

28Дөөт бул жөнүндө укканда, мындай деди: «Нейир уулу Абенердин каны үчүн Теңир алдында мен да, менин падышачылыгым да эч качан күнөөлүү эмес.

29Анын каны үчүн Жойап жана анын атасынын бүт тукуму күнөөлүү болсун. Жойаптын тукумунан эрендиги аккандар, пес оорулуулар, таяк таянгандар, кылычтан өлгөндөр, нанга муктаж болгондор үзүлбөсүн».

30Жойап менен Абышай Гибондогу салгылашта өздөрүнүн бир тууганы Асаелди өлтүргөнү үчүн Абенерди өлтүрүштү.

31Дөөт Жойапка жана анын жанындагы кишилердин баарына: «Кийимиңерди айрыгыла да, зумбал кийип, Абенерди жоктоп ыйлагыла», – деди. Падыша Дөөт да сөөктүн артында бара жатты.

32Хеброндо Абенерди көргө коюп жатышканда, Абенердин мүрзөсүнүн жанында падыша катуу ыйлады. Элдин баары ыйлады.

33Падыша Абенерди жоктоп мындай деп ыйлады: «Абенер ушинтип жүзү карага окшоп өлөт беле?

34Колуң байланган жок, бутуң кишенделген жок. Сен каракчылардын колунан өлгөндөй өлдүң». Ошондо элдин баары ыйлашты.

35Эртеден кечке бүткүл эл Дөөткө тамак алып келип жатышты, бирок Дөөт: «Эгер мен күн батканга чейин нан же башка бир нерсе ооз тийсем, Кудай мени жазаласын, катуу жазаласын», – деп ант берди.

36Падышанын кылган бардык иши бүт элге жаккандай эле, бул ишин да бүт эл жактырды.

37Нейир уулу Абенерди падыша өлтүртпөгөнүн бардык эл жана бүт Ысрайыл ошол күнү билди.

38Анан падыша өзүнүн кулдарына мындай деди: «Бүгүн Ысрайылда аскер башчы, улуу адам өлгөнүн билдиңерби?

39Падышачылыкка майланганыма карабастан, мен азыр али алсызмын. Ал эми бул кишилер, Серуянын уулдары менден күчтүү. Теңир ушул жамандыкты кылган адамга кылган жамандыгына жараша тиешесин берсин».