2 Шемуел 4:1-12 KYB2004 - Bible AI

1Хеброндо Абенердин өлгөнүн укканда, Шабулдун уулу Ишпошеттин ындыны өчтү, бүт Ысрайылдын үрөйү учту.

2Шабулдун уулу Ишпошеттин эки аскер башчысы бар эле. Бирөөнүн аты – Баана, экинчисинин аты – Рейхап, алар – Ремондун уулдары, бейроттук Бенжеминдин тукумунан. Анткени Бейрот да Бенжеминге таандык болчу.

3Бейроттуктар Гитайимге качып кетишип, ошол жерде келгин болуп жашап калышкан.

4Шабулдун уулу Жонатандын аксак баласы бар эле. Изрейелден Шабул менен Жонатан жөнүндө кабар келгенде, баккан аял аны алып качканда, ал беште болчу. Аял шашып чуркап бара жатканда, бала жыгылып кетип, аксак болуп калган. Анын аты Мепибешет эле.

5Бейроттук Ремондун уулдары Рейхап менен Баана күн ысыган маалда Ишпошеттин үйүнө келишти. Ал чак түштө төшөгүндө уктап жаткан.

6Рейхап бир тууганы Баана менен буудай алганы келген болуп, үйдүн ичине киришти да, аны ичке сайып, качып кетишти.

7Алар үйгө киришкенде, Ишпошет өзүнүн уктоочу бөлмөсүндөгү төшөгүндө жаткан. Алар аны сайып өлтүрүп, башын кесип алышты да, түнү бою чөл менен жол жүрүштү.

8Ишпошеттин башын Дөөткө, Хебронго алып келишти да, падышага: «Бул – сени өлтүргүсү келген душманың Шабулдун уулу Ишпошеттин башы. Эми Теңир менин мырзам падыша үчүн Шабулдан жана анын тукумунан өч алды», – деп айтышты.

9Ошондо Дөөт Рейхапка жана анын бир тууганы Баанага, бейроттук Ремондун уулдарына, мындай деди: «Менин жанымды бардык кайгыдан куткарган Теңир тирүү!

10Мага “Шабул өлдү” деген кабарды айтып, өзүн жакшы кабарчы эсептеген адамга сыйлык бергендин ордуна аны кармап алып, Сыклакта өлтүргөм.

11Эми күнөөсү жок адамды өз үйүндө, өз төшөгүндө жаткан жеринен өлтүргөн кара санатай кишилерди анын каны үчүн кантип жазалабай коёюн да, кантип жер үстүнөн жок кылбай коёюн?»

12Дөөттүн буйругу боюнча кулдары аларды өлтүрүп, буту-колдорун кыя чабышты да, Хеброндогу көлмөнүн үстүнө илип коюшту. Ал эми Ишпошеттин башын Абенердин мүрзөсүнө, Хебронго алып барып коюшту.