2 Шемуел 5:1-25 KYB2004 - Bible AI

1Ысрайылдын бардык уруулары Хебронго, Дөөткө келишти да, минтип айтышты: «Биз сенин сөөгүңбүз жана денеңбиз.

2Шабул бизге падышачылык кылып турганда эле сен Ысрайылды баштап жүрчүсүң. Теңир сага: “Сен Менин элим Ысрайылды кайтарасың, Ысрайылдын жол башчысы болосуң”, – деп айткан».

3Ысрайылдын бардык аксакалдары падышага, Хебронго келишти. Дөөт падыша Хеброндо, Теңирдин алдында алар менен келишим түздү. Ошондо алар Дөөттү Ысрайылга падыша кылып майлашты.

4Дөөт падыша болгондо, отуз жашта эле. Ал кырк жыл падышачылык кылды.

5Ал Хеброндо Жүйүткө жети жыл, алты ай падышачылык кылды, Ысрайыл менен Жүйүткө Иерусалимде отуз үч жыл падышачылык кылды.

6Падыша өзүнүн кишилери менен Иерусалимге, ал жерде жашаган жебустуктарга каршы жөнөдү. Бирок алар Дөөткө мындай деп айтышты: «Сен бул жакка кирбейсиң. Сени сокурлар менен төкөрлөр кууп чыгышат». Бул «Дөөт бул жакка кире албайт» дегенди билдирет.

7Бирок Дөөт Сион сепилин басып алды. Кийин ал Дөөттүн шаары болуп калды.

8Дөөт ошол күнү: «Жебустуктарды өлтүрүп жаткан адам төкөрлөрдү, сокурларды, Дөөттү жек көргөндөрдү найза менен кырсын», – деди. Ошондон улам «Теңирдин үйүнө сокур менен төкөр кирбейт» деп айтылып калган.

9Дөөт сепилге жайгашты, аны Дөөттүн шаары деп атады, Милодон тартып айландыра курду жана ичин курду.

10Дөөт чоң ийгиликтерге жетип, зоболосу көтөрүлө берди, Себайот Кудай-Теңир аны менен болду.

11Тир падышасы Хирам Дөөткө элчилерди, кедр жыгачтарын, жыгач усталарын, таш тизүүчү жумушчуларын жиберди. Алар Дөөткө үй куруп беришти.

12Ысрайылга падыша кылып дайындаган, Өз эли Ысрайыл үчүн падышачылыгынын зоболосун көтөргөн Теңир экенин Дөөт түшүндү.

13Дөөт Хеброндон Иерусалимге келгенден кийин, өзүнө дагы күң аялдарды жана аялдарды алды.

14Дөөт дагы көп уулдуу жана кыздуу болду. Анын Иерусалимде төрөлгөн балдарынын аттары мындай: Шамуя, Шобап, Натан, Сулайман,

15Жибхар, Элишуа, Непек, Жапия,

16Элишама, Элийада, Элипелет.

17Пелиштиликтер Дөөттүн Ысрайылга падыша болуп майланганын угушканда, бардыгы Дөөттү издеп чыгышты. Дөөт муну угуп, сепилге кетти.

18Пелиштиликтер келип, Репа өрөөнүнө жайланышышты.

19Ошондо Дөөт Теңирге кайрылып: «Мен пелиштиликтерге каршы барайынбы? Аларды менин колума салып бересиңби?» – деп сурады. Теңир Дөөткө: «Баргын, анткени Мен пелиштиликтерди сенин колуңа салып берем», – деп жооп берди.

20Дөөт Баал-Ператсимге жөнөп, ал жерден аларды талкалады да: «Теңир менин алдымда душмандарымды сел алгандай кыйратты», – деди. Ошондон улам ал жерге Баал-Ператсим деген ат берилди.

21Пелиштиликтер ошол жерге өздөрүнүн буркандарын таштап кетишкен эле. Дөөт болсо өз кишилери менен аларды алып кетти.

22Пелиштиликтер кайра келишти да, Репа өрөөнүнө жайланышышты.

23Дөөт Теңирден сурады. Ал ага мындай деп жооп берди: «Алардын алдынан чыкпа, артынан, тыт токою жактан кир.

24Тыт жыгачтарынын үстүнөн бирөөнүн басып келе жаткандай болгон дабышын угарың менен жөнө, анткени ошондо Теңир сенин алдыңда пелиштиликтердин аскерин талкалоого бара жаткан болот».

25Теңир кандай буйруса, Дөөт ошондой кылды. Ал пелиштиликтерди талкалап, Гебадан Гезерге чейин кууп барды.