1Дөөт кайрадан Ысрайылдын тандалган отуз миң адамын чогултту.
2Дөөт туруп, өзүнүн бүт эли менен керуптардын ортосундагы Себайот Теңирдин ысымы менен аталган Кудайдын келишим сандыгын Жүйүттүн Баал жеринен көчүрүп келүү үчүн жөнөдү.
3Алар Кудайдын келишим сандыгын жаңы арабага салып, адырдагы Аминадаптын үйүнөн алып чыгышты. Аминадаптын уулдары Уза менен Ахио болсо жаңы арабаны айдап бара жатышты.
4Ошентип, Кудайдын келишим сандыгы салынган арабаны адырдагы Аминадаптын үйүнөн алып жөнөштү. Ахио келишим сандыгынын алдында бара жатты.
5Дөөт менен бүт Ысрайыл уулдары Теңирдин алдында кипарис жыгачынан жасалган ар түрдүү музыкалык аспаптарда ойноп, лира, арфа чертип, забур ырдап, дап кагып, шылдырак уруп, жез табак кагып бара жатышты.
6Нахондун кырманына жетишкенде, Уза колун сунуп, Кудайдын келишим сандыгын кармап калды, анткени аны өгүздөр солкулдатып жиберген эле.
7Бирок Теңир Узага каарданып, аны коркпой батынгандыгы үчүн ошол жерден эле өлтүрүп салды, ал Кудайдын келишим сандыгынын жанында өлдү.
8Теңир Узаны өлтүрүп салганы үчүн Дөөт кайгыга батты. Ошол жер азыркыга чейин «Уза өлгөн жер» деп аталат.
9Ошол күнү Дөөт Теңирден коркуп: «Теңирдин келишим сандыгы меникине кантип кирет?» – деди.
10Дөөт Теңирдин келишим сандыгын өзүнө, Дөөттүн шаарына алып барууну каалабай, гаттык Абет-Эдомдун үйүн көздөй алып жөнөдү.
11Ошентип, Теңирдин келишим сандыгы гаттык Абет-Эдомдун үйүндө үч ай турду. Теңир Абет-Эдомго жана анын бүт үй-бүлөсүнө батасын берди.
12Дөөт падышага: «Кудайдын келишим сандыгы үчүн Теңир Абет-Эдомдун үй-бүлөсүнө жана анын бардык нерсесине батасын берди», – деп билдиришкенде, Дөөт барып, Кудайдын келишим сандыгын Абет-Эдомдун үйүнөн Дөөттүн шаарына салтанат менен көчүрүп келди.
13Теңирдин келишим сандыгын көтөрүп бара жаткандар алты кадам шилтеген сайын ал бир букачар, бир койду курмандыкка чалып жатты.
14Дөөт Теңирдин алдында жан-дили менен бийлеп жатты. Дөөт зыгыр буласынан токулган эфод кийип жүргөн эле.
15Ошентип, Дөөт менен бүт Ысрайыл эли Теңирдин келишим сандыгын кубана кыйкырып, сурнай тартып көтөрүп келе жатышты.
16Теңирдин келишим сандыгы Дөөттүн шаарына киргенде, Шабулдун кызы Михал терезеден карап турган эле. Ал Теңирдин алдында секирип, бийлеп келе жаткан Дөөт падышаны көрүп, аны жүрөгүндө кемсинтти.
17Алар Теңирдин келишим сандыгын алып келишип, өзүнүн ордуна, Дөөт ал үчүн курган жыйын чатырынын ортосуна коюшту. Анан Дөөт Теңир алдында бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын чалды.
18Дөөт бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын чалып бүткөндөн кийин, Себайот Теңирдин атынан элге бата берди.
19Анан ал бардык элге, көп сандаган Ысрайыл элине, эркек дебей, аял дебей, бирден нан, бир кесимден куурулган эт, мейиз кошулган бирден таттуу токоч таратты. Анан бардык эл өз үйлөрүнө тарады.
20Дөөт өз үй-бүлөсүнө бата берүү үчүн кайтып келгенде, Шабулдун кызы Михал алдынан чыгып: «Жел өпкө адамдай болуп, өз күңдөрүнүн, кулдарынын көз алдында жылаңачтанган Ысрайыл падышасынын бүгүн кадыры укмуш артты го!» – деди.
21Ошондо Дөөт Михалга мындай деди: «Теңирим мени сенин атаңдан, анын бүт тукумунан артык көрүп, Теңирдин эли Ысрайылга мени жол башчы кылып бекиткендиги үчүн Теңирдин алдында шаттанамын да бийлеймин.
22Мен мындан да төмөн болуп, өзүмдү санда жок киши кылам, бирок сен айткан күң аялдардын алдында даңкка бөлөнөм».
23Шабулдун кызы Михал өмүрү өткөнчө балалуу болгон жок.