2 Шемуел 7:1-29 KYB2004 - Bible AI

1Падыша өз үйүндө жашап жатты, Теңир анын айланасындагы бардык душмандарынан ага тынчтык берди.

2Ошол учурда падыша Натан пайгамбарга мындай деди: «Мен кедр жыгачынан салынган үйдө жашап жатам, ал эми Кудайдын келишим сандыгы чатырдын астында турат».

3Ошондо Натан падышага: «Жүрөгүңдө эмне болсо, ошонун баарын жаса, анткени Теңир сени менен», – деди.

4Бирок ошол эле түнү Натанга Теңирден мындай сөз болду:

5«Баргын да, Менин кулум Дөөткө айт: “Теңир мындай деди де: "Мен жашай турган үйдү кура турган сенсиңби?

6Ысрайыл уулдарын Мисирден алып чыккан күндөн ушул күнгө чейин Мен үйдө жашаган жокмун, чатырда, жыйын чатырында жашап келдим.

7Бүткүл Ысрайыл уулдары менен кайсы гана жерде жүрбөйүн, Менин элим Ысрайылды кайтарууга Өзүм дайындаган Ысрайылдын уруусуна: Эмне үчүн Мага кедрден үй куруп бербейсиңер? – деп айттым беле?"”

8Азыр Менин кулум Дөөткө Себайот Теңир мындай дейт дегин: “Менин элим Ысрайылга жол башчы болушуң үчүн, Мен сени кой короодон алгам.

9Сен кайда барсаң да, бардык жерде сени менен болдум, сенин алдыңда бардык душмандарыңды кырдым. Сенин атыңды чыгарып, жер үстүндөгү улуу адамдар сыяктуу даңктуу кылдым.

10Мен Өзүмдүн элим Ысрайыл үчүн жер даярдайм, аны жайгаштырам, ал өз жеринде бейпил жашайт, мындан ары эч ким анын тынчын албайт,

11Өз элим Ысрайылга башкаруучуларды койгон күндөн тартып, кара ниет адамдар аларды кысымга алып келишкен, мындан ары андай болбойт. Мен сени душмандарыңдан куткарып, тынчтык берем. Теңир сенин үйүңдү Өзү тургузарын сага кабарлайт.

12Сенин күнүң бүтүп, ата-бабаларың жаткан жайга кеткениңде, сенин ордуңа Мен сенин тукумуңду, уулдарыңдын бирин коём, анын падышачылыгын бекемдейм.

13Ал Менин ысымыма арнап үй тургузат, Мен анын падышачылык тагын түбөлүккө бекемдейм.

14Мен ага ата болом, ал Мага уул болот. Эгерде ал күнөө кылса, Мен аны адамдардын таягы менен, адам баласынын соккулары менен жазалайм.

15Бирок Мен сенин көз алдыңда четке каккан Шабулду Өз ырайымымдан ажыраткандай, аны Өз ырайымымдан ажыратпайм.

16Менин алдымда сенин тукумуң жана падышачылыгың түбөлүккө бекем болот, тагың түбөлүккө турат”».

17Ушул айтылган сөздөрдүн баарын, ушул көрүнүштүн баарын Натан Дөөткө айтып берди.

18Дөөт падыша барды да, Теңирдин алдында туруп, мындай деди: «Эгедер Теңирим, Сен мени ушунча көтөргүдөй, мен киммин, менин тукумум ким?

19Сенин көзүңө бул да аз көрүндү, Эгедер Теңирим, бирок Сен Өзүңдүн кулуңдун тукумунун келечеги жөнүндө да айттың. Эгедер Теңирим, бул адам үчүн кадыресе нерсе эмес!

20Дөөт Сага дагы эмне деп айта алат? Эгедер Теңирим! Сен Өзүңдүн кулуңду билесиң.

21Сен бул улуу нерсенин баарын Өз кулуңа ачып берип, Өзүңдүн сөзүң боюнча жана Өзүңдүн жүрөгүңдүн каалоосу боюнча ишке ашырып жатасың.

22Сен улуусуң, Теңирим, Кудайым, анткени өз кулагыбыз менен уккандарыбыз боюнча Сага тең келген эч ким жок, Сенден башка Кудай жок!

23Жер жүзүндө Сенин элиң Ысрайылдай эл барбы?! Өзүңө эл кылып алыш үчүн, Өз ысымыңды даңкташ үчүн, Мисир жеринен алып чыккан Өз элиңдин алдында элдерди жана кудайларды кууп чыгып, улуу жана коркунучтуу иштерди кылыш үчүн, жалгыз ушул элге Өзүң келгенсиң!

24Сен Өз элиң Ысрайылды Өзүңө менчик эл кылып түбөлүккө бекемдедиң, Сен, Теңир, анын Кудайы болдуң.

25Эми Кудай-Теңир, Өзүңдүн кулуң жөнүндө, анын тукуму жөнүндө айткан сөзүңдү түбөлүккө бекемде, айтканыңды аткар.

26“Себайот Теңир – Ысрайылдын Кудайы”, – деп, Сенин ысымыңды түбөлүккө даңазалашсын. Сенин алдыңда Өз кулуң Дөөттүн тукуму бекем болсун.

27Сен, Себайот Теңир, Ысрайылдын Кудайы, Өз кулуңа: “Сенин үйүңдү тургузам”, – деп айтканың үчүн кулуң Сага ушундай сыйынууга батынды.

28Эгедер Теңирим! Сен Кудайсың, Сенин сөзүң чындык, Өзүңдүн кулуңа Сен ушундай жакшы нерсени билдирдиң!

29Дайыма Сенин алдыңда болушу үчүн, ушул күндөн баштап, Өз кулуңдун тукумуна батаңды бер, анткени муну Эгедер Теңирим, Сен айттың, Сенин батаң менен Өз кулуңдун тукуму түбөлүккө баталуу болот».