2 Шемуел 8:1-18 KYB2004 - Bible AI

1Ушундан кийин Дөөт пелиштиликтерди жеңип, аларды багындырды. Дөөт пелиштиликтерден Метек-Ааманы тартып алды.

2Мааптыктарды жеңип, аларды жерге жаткырып, аркан менен ченеди. Эки ченем аркандын астындагыларды өлтүрүү үчүн, ал эми бир ченем аркандын астындагыларды тирүү калтыруу үчүн ченеди. Ошентип, мааптыктар Дөөткө салык төлөөчү кулдарга айланышты.

3Дөөт Эфрат дарыясынын боюна өзүнүн бийлигин калыбына келтирүү үчүн келе жаткан Соба падышасы, Рехоптун уулу Ададезердин аскерин талкалады.

4Ал анын бир миң жети жүз атчан жоокерин жана жыйырма миң жөө адамын колго түшүрдү. Алардын майдан арабаларын тарткан аттарынын ичинен өзүнүн жүз арабасы үчүн ат калтырып, калган аттардын тарамыштарын кесип салды.

5Сириянын Дамаск шаарынан Соба падышасы Ададезерге жардамга кишилер келишти, бирок Дөөт сириялыктардын да жыйырма эки миң адамын өлтүрдү.

6Дөөт Сириянын Дамаск шаарына сакчыларын койду. Ошентип, сириялыктар да Дөөткө салык төлөөчү кулдар болуп калышты. Дөөт кайда гана барбасын, Теңир аны бардык жерде сактап жүрдү.

7Дөөт Ададезердин кулдарынын алтын калкандарын алып, Иерусалимге алып келди.

8Ал эми Ададезердин Бетак жана Бейрот шаарларынан Дөөт падыша абдан көп жез алды.

9Дөөттүн Ададезердин бүт аскерин талкалаганын Хамат падышасы Той укту.

10Той Дөөттүн Ададезер менен согушуп, аны талкалагандыгы үчүн өзүнүн уулу Адорамды ага салам айтып куттуктоого жөнөттү, анткени Ададезер Той менен согуш жүргүзүп келген эле. Адорамдын колунда болсо күмүштөн, алтындан жана жезден жасалган идиштер бар эле.

11Дөөт падыша өзү жеңген элдерден: сириялыктардан, мааптыктардан, амондуктардан, пелиштиликтерден, амалыктыктардан, Соба падышасы Рехоптун уулу Ададезерден тартып алган күмүш менен алтынды Теңирге арнагандай, ошол идиштерди да Теңирге арнады.

13Туздуу өрөөнүндө он сегиз миң сириялыкты талкалап келгенден кийин, Дөөттүн атагы чыкты.

14Анан Дөөт Эдомго сакчыларын койду. Бүткүл Эдомго сакчыларын койду, бүткүл эдомдуктар Дөөткө кул болушту. Дөөт кайсы жерге барбасын, Теңир аны бардык жерде сактап жүрдү.

15Ошентип, Дөөт бүт Ысрайылга падышачылык кылды. Ал өз элин адилеттүүлүк жана калыстык менен башкарды.

16Серуянын уулу Жойап болсо аскер башчы болчу. Акилуттун уулу Жошапат тарыхчы эле.

17Акитуптун уулу Садок жана Абыйатардын уулу Акимелек ыйык кызмат кылуучулар, Серая болсо катчы болчу.

18Жойаттын уулу Беная болсо керейликтер менен пелейликтердин үстүнөн башкаруучу, Дөөттүн уулдары падыша сарайында биринчи кызматчылар эле.