2 Шемуел 9:1-13 KYB2004 - Bible AI

1Дөөт: «Шабулдун тукумунан калдыбы? Жонатан үчүн ага жакшылык кылат элем», – деди.

2Шабулдун үйүндө Сиба деген кулу бар болчу. Аны Дөөткө чакырып келишти, падыша андан: «Сиба деген сенсиңби?» – деп сурады. Ал: «Ооба, менмин, сенин кулуң», – деп жооп берди.

3Падыша ага мындай деди: «Шабулдун тукумунан дагы ким бар? Мен ага Кудайдын ырайымын көрсөтөм». Сиба падышага: «Жонатандын аксак уулу бар», – деди.

4Падыша андан: «Ал кайда?» – деп сурады. Сиба падышага: «Ал Амиелдин уулу Махирдин үйүндө, Ло-Дебарда», – деп жооп берди.

5Дөөт падыша киши жиберип, аны Амиелдин уулу Махирдин үйүнөн, Ло-Дебардан алдырды.

6Шабулдун небереси, Жонатандын уулу Мепибешет Дөөттүн алдына келип, жүзтөмөндөп жыгылып таазим кылды. Дөөт: «Мепибешет!» – деди. Мепибешет: «Мына сенин кулуң», – деп жооп берди.

7Дөөт ага: «Коркпо, мен сага сенин атаң Жонатан үчүн жакшылык кыламын. Атаң Шабулдун жерлеринин баарын сага кайрып берем, сен дайыма менин дасторконумдан тамактанасың», – деди.

8Ошондо Мепибешет таазим кылып: «Сенин кулуң ким эле? Мендей өлгөн итке эмнеге көз кырыңды салдың?» – деди.

9Анан падыша Шабулдун кулу Сибаны чакырып, мындай деди: «Шабулга жана анын тукумуна эмне тиешелүү болсо, ошонун баарын сенин мырзаңдын уулуна бердим.

10Балдарың жана кулдарың менен анын жерин иштеткин, анын түшүмүн жыйна, мырзаңдын уулунун жээр азыгы болсун. Мырзаңдын уулу Мепибешет болсо дайыма менин дасторконумдан тамактанат». Сибанын он беш уулу жана жыйырма кулу бар эле.

11Сиба падышага: «Мырзам падыша өз кулуна эмнени буйрук кылса, кулуң ошонун баарын аткарат», – деди. Падышанын балдарынын бириндей эле, Мепибешет Дөөттүн дасторконунан тамактанчу.

12Мепибешеттин Миха деген жаш баласы бар эле. Сибанын үйүндө жашагандардын баары Мепибешеттин кулдары эле.

13Мепибешет Иерусалимде жашады, анткени ал дайыма падышанын дасторконунан тамактанчу. Ал эки бутунан тең аксап басчу.